Ош облусунда түндө катталган тилсиз жоодон 71 жаштагы жаран каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан кабат үйлөрдүн бириндеги батирде болгон.

20 чарчы метрлик бөлмө күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.