Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат? Ушул суроо ар бир эркектин суроосу. Туура кылкылдап, ата-энеңдин койнуна оор сөз укпай, жеме жебей, жоолук кыйшайып эртеден кечке жумуш жасап ошондо да жакпаган нерсе жок болот, өз үйүндө. Тамактын тузун өтүп кетсе атаң акырын эркелетип айтат, анткени кыз бала атага жакын эмеспи.

Бирок мен ушундай атамдын сөздөрүн угууну, анын жанында отурууну көп эңседим. Жок атам өлбөгөн тирүү, бирок тирүү өлүк мен үчүн. Анткени мен 6-7 жашымда башкага кетип калды. Анын үйүнө барып атама келдим десем, атаң жок деп урушуп кууп жиберчү. Ошондо мен балалуу болсом балдарымды атасынан ажыратпайм дечү элем.

Мезгил өтүп 18ге чыкканда ала качып кетти. Келин болдум. Күндөр өтүп жолдошумду жакшы көрүп, ансыз жашай албай калдым. Арадан жылдар өттү, бирок биз балалуу болбодук. Кайненем туубас катын алгансың деп жолдошумду урушат. Чөптүн арасына барып ыйлап алам, эч кимге байкатпай. Кайненем анча мынча подрушкалары менен ичип жүрчү майрамдарда, акыркы кезде кайнатам экөө көп иче турган болушту.

Бир күнү тамак жасап жатам, анан эле майдын жытына кускум келип баштады. Кудай буйруп кыздуу болдук. Кайненем менен кайнатам аябай небересин жууп ичишти. Жыл айланбай экинчи ирет эне болуп уул төрөдүм, анан ал бирге чыкканда үчүнчү уулум боюма бүттү. Кудай берип төртүнчү уулдуу болдук. Анан кайненем тууй бересиңби итке окшоп деп урушуп баштады.

Жылдар өткөн сайын ичкени көбөйүп, өңү карарып, 50дөн ашканда кайнамтамдан көп таяк жеп баштады. Канчалык мага ачуу сөз айтып, күн көрсөтпөй жатса да, балдарым атасыз калбасын деп аракет кылам. Кээде жолдошума жамандап мени урдурчу. Атасы чанган кызды алдың, башкасы куруп калды беле деп тилдейт. Баарына чыдадым, балдарым үчүн.

Бир күнү нан бышырып жатсам жок жерден шылтоо таап экөөбүз уруша кеттик. Ал мени уруп кирди. Оозго алгыс сөздөрдү айтты. Балдарымды алып кеттим калдым. Артымдан жолдошум келди. Көп убакыт кайнене кайнатам менен кездешпей квартирада жашадык.

Акыры кайненем келип кайра айылга алып кетти. Муздап калган жүрөк жылыбай калды. Экөөбүз көп уруша кетебиз. Азапты көрүү үчүн жаралбасам керек? Эмне кылсам. Өзүмдү күнөөлөйм, төрөбөй жүргөн кезде кетип калбай деп.