Жалал-Абад шаарында коронавирус аныкталган бейтаптардын баары айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Бул тууралуу шаар мэри Мураталы Тагаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, ооруканада бир да адам калган жок, блогону обсервацияда бир киши бар.

Соңку маалымат боюнча өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жалпы 756 учур катталды. Алардын 504ү айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Сегиз адам кайтыш болду.