Taj Mahal Marble Seven Wonders Medieval India Agra

Индияда пандемиядан улам 140 миллиондой жаран жумушсуз калды.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдады .

Белгилүү болгондой, чектөөлөрдөн улам кызматкерлерди жумуштан бошотуу жумушсуздуктун деңгээлин 8пайыздан 26 пайызга чейин жогорулаткан.

Эске салсак, Индияда 35 күндөн бери катаал карантин чаралары колдонулууда.

Маалым болгондой, Индияда жалпы ооругандардын саны 35 миң 34 кишиги жеткен. Алардын ичинен 1147 жаран каза болсо, 8889 адам сакайып чыккан.