Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов түз эфирде шаар тургундарынын жана журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда айтты.

Анда 3 балалуу келин калаа башчысына жардам сурап кайрылып, батир ээси аны үйдөк чык деп жатканын айтып даттанды.

Буга байланыштуу шаар башчысы жардам сурап кайрылган келинге акчалай түрдө жардам берилерин убада кылды.

“Улуу Рамазан айындабыз. Ош шаарында батирлерде убактылуу жашап жаткан жарандарга жакшы мамиле кылып, соопчулук иштерди кылсаңыздар. Эгер сиз ушунчалык кыйналып, жардам керек болсо, мэрия тарабынан акчалай жардам берели. Ушундай маселелер болсо, бизге кайрылсаңыздар, биз үй ээлерин көзөмөлгө алалы. Биз алардын патенттерин текшерип, кандай тартипте иш алып барып жатышканын көзөмөлдөйлү”,-деди Т.Сарыбашов.