Баткен районунун Көк-Таш айылында Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички коопсуздук аскер кызматынын №707 бөлүгүнүн аскер кызматкерлери менен биргеликте чектеш аймактарда жашаган айыл тургундарына “COVID-19” илдетин алдын алууда түшүндүрүү иштерин алып барууда.

Ошондой эле айыл тургундарынан түзүлгөн ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу, санитардык-гигиеналык эрежелерди туура сактоо максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Көк-Таш айылынын М.Назаров жана О.Боронбаев көчөлөрү Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский, Саманён айылдары менен чектешкен аймактар.

Баткен районунун Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский, Саманён, Чорку, Хожай-Ало айылдары жана Ворух анклавы менен чектешкен аймактарды тейлешет.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички коопсуздук аскер кызматынын №707 бөлүгүнүн аскер кызматкерлери, Көк-Таш АМБнын өздүк курамы, ыктыярдуу элдик кошуундар биргеликте 3 маршрутка бөлүнүп алышып, эрте менен 8.00дөн кечки саат 20.00гө чейинки аралыкта кайгуул күзөттөрдү жүргүзүп жатышат.