Орусиянын Эл артисти Надежда Бабкина ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу ырчы айым өзү социалдык баракчасына билдирди.

«Учурунда көрсөтүлгөн жардамдын жана профессионал дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнөн, дарылоосунан улам оорудан кийин калыбыма келдим. Мага жардам көрсөткөн бардык медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирем», — деген Бабкина.

Эске салсак, орусиялык ырчы айым, 6-апрель күнү вирус жуктуруп, ооруканага жаткырылганы маалым болгон. Ооруканадан ырчынын абалы начарлап, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулганы кабарланган. Кийинчерээк ырчынын адвокаты абалы жакшы экенин коомчулукка билдирген эле.