Баткен облусунда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан 1-майга чейин 10млн 684миң 100 м2 жер залалсыздандырылды.


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, зыянсыздандыруу иштери үчүн 2 тоннадан ашуун хлор порошогу, 1500 литр хлор суюктугу, 730 даана хлор дарысы иштетилди.

Ал эми облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 4 тоннадан ашуун дезинфекциялык каражат пайдаланылып, 65 миң м2 жер залалсыздандырылды.

Бул багыта ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов, 1-майдан тарта, айрым коомдук жайларда элдин санынын көбөйүшүнө байланыштуу, эл көп топтолгон жайларда, базар, дарыкана, банктар, дүкөндөр ж б обьектилерде дезинфекция жумуштарын тынымсыз улантууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды.