Бүгүн, 1-май күнү таң эрте Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычындагы дамба жарылган.

Куткаруучулар суу сактагычка жакын жайгашкан айылдардагы тургундарды көчүрүүгө үлгүрүшкөн.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 11,6 миң адам куткарылды. Болжолдуу маалымат боюнча, жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

Окуя болгон жерге премьер-министр Абдулла Арипов баштаган жетекчилер барышкан.

Суу сактагыч 2017-жылы курулган. Ал 922 миллион куб метр сууга ылайыкташкан. Бийиктиги 28,8 метрди түзөт.