«Daily Mail» басылмасы берген маалыматы боюнча, Швецияда массалык түрдө адамдарга чип коюу башталган.

Чип адамдын колуна, бармак менен сөөмөйдүн ортосуна коюлат да, электрондук карталардын, ачкычтардын, өткөрмө баракчалардын милдеттин аткарат.

«Эми адамдардын жашоосу жеӊилдейт. Анткени адамдар ачкыч менен эшик ачышпайт, өткөрмө жайларда документ көрсөтпөйт, банкоматтарда сандарды теришпейт. Жөн гана колду тийгизип койсо болду»-деп билдирет чипти иштеп чыккан компания. «Чипте GPS кызматы жок. Андыктан чип аркылуу адамдарды көзөмөлдөөгө мүмкүн эмес. Ал бир нече см аралыкта гана иштейт. Чиптеги маалыматтарды уурдоо үчүн чип тагылган колдун ээси болуш керек»,-дейт чип жаратуучулар.

Мындан бир жыл мурун чипти 100 киши колдонсо, азыр колдонгондордун саны 4 миңге жеткен. Баасы 180 еврону чапчыган чипти калоочулардын саны күндөн- күнгө көбөйүүдө.