Коом

Кыргызстанда абакта олтургандарга мунапыс берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Жогорку Кеңеш Экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата түрмөдө отургандарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына чыкты.

Документке президент кол коюп күчүнө кирсе түрмөдө отургандардын айрымдары жазадан бошотулат же жазасынын өтөлө элек бөлүгү кыскартылат.

Алар: 60тан ашкан эркектер жана 55 жаштан жогору курактагы аялдар, I жана II топтогу майыптар, экиден кем эмес майда балдары барлар, майып баласы бар үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болгон адамдар жана биринчи жолу анча оор эмес кылмыш кылып түрмөгө түшкөндөр.

Мыйзамдын авторлору буга чейин абактагыларга мунапыс жарыялоо тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса 1200дөн ашык киши түрмөдөн чыгарын айтышкан.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500 ашык соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button