Ислам дүйнөсүндөгү эң ыйык храм болгон Каабада мусулмандар социалдык аралыкты сактап намаз окуй башташты. Аль-Харам мечитинен таратылган интернеттеги видеолор чындыкка дал келет деди NazarNews маалымат агенттигине жеринен устаз Альмамдух Бару Альтүркистани билдирди.

—Ислам дүйнөсүндөгү эки ири храм — Меккедеги Масжид аль-Харам жана Сауд Аравиядагы Масжид аль-Набавия коронавирус илдетине байланыштуу 20-марттан бери жабык. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, кийинчерээк Рамазан айында эки чоң мечит дүйнө жүзүндөгү мусулмандарга коронавирус илдетине байланыштуу эшиктерин ача албай турганы кабарланган. Бирок, Аль-Харам мечитиндеги намаздар толугу менен токтоп калган эмес. Тактап айтканда, Аль-Харам мечитинде чектелген сандагы адамдарга намаз окууга уруксат берилген, — деди Альмамдух Бару Альтүркистани.

Эске сала кетсек, учурда Сауд Аравиясында коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн көптөгөн чектөөлөр киргизилген. Аларга коомдук аралыкты сактоо, коменданттык саат жана чоң иш-чараларды өткөрбөө кирет. Ал эми коронавирус пандемиясынын себебинен Сауд Аравиясында 2020-жылкы ажылык зыяратын жокко чыгарууга мажбур кылган. Ошондой эле дүйнөлүк маалымат булактары Сауд Арабия акыркы 40 жылдын ичинде биринчи жолу мусулмандарга Меккенин Каабасын жапкандыгын жазып чыккан.

Булак: Назар ньюс