АКШ башка өлкөлөргө салыштырмалуу коронавирустан улам өтө чоң жоготууларды башынан кечирип жаткандыгы белгилүү. Тагыраак айтканда, бүгүн бул өлкөдөгү каза болгондордун саны 60 миңден ашты. Бул Американын Вьетнам менен болгон он жылдык согуш учурундагы  курмандыктардан алда канча көптүк кылат.

«Ошол себептен уламбы же шайлоо алдындагы шайтан оюндардан уламбы, айтор, АКШ президенти Дональд Трамп бүгүн Кытайга сөөмөй кезеп, бардык балаанын бары ушул өлкөдөн келүүдө деп билдирүү таратууда. Ал тургай Кытай АКШнын башкы душманы деп да ачык айта баштаганын, вирустан каза болгон ар бир адам үчүн  10 миллион доллар талап кылып жаткандыгын» — айтат  Forbes журналынын колумнисти Ариэль Коэн.

Белгилей кетсек, бүгүн америкалык экономика өтө масштабдуу жумушсуздуктан жабыркоодо. Тагыраак айтканда, жумушсуз калгандардын саны 30 миллиондон ашты. Ошондой эле, Трамп грин-карта алгандардын эки айга чейин  өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган.