Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун Кытайдагы өкүлү жаңы түрдөгү коронавирустун келип чыгуусу боюнча өткөрүлүп жаткан  иликтөө иштерине кошулуу тууралуу ДССУнун сунушуна кытай тарап али макулдугун бербей жаткандыгын маалымдады. Анын айтуусу боюнча учурда кытайлык окумуштуулар тарабынан улуттук иликтөө иштери өтүп жаткан менен ага кошулуу тууралуу азырынча аларга сунуш түшө элек.

ДССУ өкүлү мындай кырдаалдын кайрадан кайталануусуна жол бербөө үчүн вирус келип чыккан булакты аныктоо өтө маанилүү экендигин, бирок эл аралык уюм Ухань шаарындагы эки вирусологиялык лабораториялардагы документтер менен таанышууга эч кандай мүмкүнчүлүк ала албай жаткандыгын белгилейт.

Ошондой эле ал буга чейинки алынган бардык маалыматтар вирус дал ушул  Ухань шаарынан башталганын жана ал жасалма эмес, табигый түрдө келип чыккандыгын ырастап турган менен, ДССУнун иликтөө иштерине катышуусу дүйнө коомчулугундагы “Вирус Кытайдын ойлоп тапканы” деген өңдүү шектенүүлөргө чекит коймок деп кошумчалады.