Өз маегинде Пугачёва Максим Галкин менен өз-өзүнчө уктаарын, мурдагы күйөөлөрү деле өзүнчө жатып келишкендиктерин айткан, башкача айтканда алардын ар биринин өзүнө тиешелүү уктоочу бөлмөлөрү болгон.

Жаш курак боюнча айырма 27 жылды түзгөндүгүнө карабастан ал өзүнүн азыркы жолдошун «төгөрөгү төп келишкен күйөө» — деп билет. Үйлөнүү үлпөтүнө аз калганда: — «Картайганда таштап кетпейт деп мен сага ишенсем болобу? — деп сурагандыгын жана Галкинден мындай ой деги эле оюуна келбегендигин жана келбестиги тууралуу жооп уккандыгын» жылмаюу менен эскерип келип: — Галкин өтө акылдуу, юмору күчтүү, сымбаттуу жана  өтө жароокер күйөө! — деп кошумчалаган Пугачёва.

Белгилей кетсек, Пугачева жана Галкин 2011-жылы баш кошушкан, учурда Елизаветта жана Гарри деген эгиз балдардын ата-энеси.