АКШ Өкмөтү курал жаракка карата эмбарго (чет мамлекетке таандык товарларды ташып кирүү жана ташып чыгаруугу тыюу салуу) алынып салынгандан кийин Тегерандын Кытай же Россиядан бронетехникаларды сатып алуусуна жол бербөө үчүн мүмкүн болгон бардык кадамдарга барууга даяр.

АКШ мамкатчысы Майкл Помпеонун айтуусу боюнча курак жарак эмбаргосунун мөөнөтү аяктагандан кийин БУУ өлкөлөрү муну үстүбүздөгү жылдын 18-октябрынан кийин эске албай коюусу мүмкүн. Ошол себептүү, ал эмбарго боюнча бирдей позицияны иштеп чыгуу үчүн кытайлык, россиялык, британиялык, франциялык өнөктөштөр менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын белгилеп өттү.

Буга чейин The New York Times гезити Иранга карата курал жарак эмбаргосунун мөөнөтүн узартуу үчүн  АКШ учурда БУУ Коопсуздук кеңешинин чечимине таасир этүүгө аракет жасап жатышкандыгын маалымдаган.