Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын өлгөндүгү 99% чындык деп билдирди түштүк кореялык Yonhap басылмасына КЭДР өлкөсүнүн мурдагы жараны,  ал эми азыркы учурда Түштүк Кореянын бийлик структурасында  иштеп жаткан Чи Сон Хо. Анын айтуусунда мураскер табылбай жаткандыгына байланыштуу  саясатчынын өлүмү расмий тактала элек.

Белгилей кетсек, Чи Сон Хо 2006-жылы Түндүк Кореядан качып чыккан. Бүгүн ал Түштүк Кореянын мыйзам чыгаруу органдарынын биринде  эмгектенет. Анын айтуусу боюнча Түндүк Корея учурда мураскерди тандоо боюнча татаал көйгөйгө туш келди жана анын оюу боюнча дал мына ушул кырдаал Ким Чен Ындын өлгөндүгүн расмий билдирүүгө жолтоо болуп жатат.

Ошондой эле Чи Сон Хо бул орунга саясатчынын карындашы Ким Ё Чжон келери толук мүмкүн экендигин кошумчалады.