Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 142 жаран жеткирилди.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары – 121,
Ош шаары –15,
Жалал-Абад шаары –5,
Ат-Башы району –1.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4055 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.
ИИМдин басма сөз кызматы