Жашоону жакшы жакка өзгөртөбүз деп көпчүлүк менен мен да Россияга келдим. Алгач кыйла кыйналып жүрүп анан токойдо карагай кескен түрктөрдүн колуна ишке кирдим. Кантсе да мусулман эмеспи түрктөр жакшы карайт. Ошол жерде өзбек, тажик туугандар да иштешет экен.

Бир күнү кароолчу болуп иштеген жаш бала менен таанышып калдым. Көрсө ал Тажикстанда чоңоюп ошол жакта жашаган кыргыздардан болот экен. Экөөбүз таанышып достошуп калдык. Кээде суукта үшүгөндө анын жанына кирип жылынып чыгам. Бир күнү байке үйлөнгөнсүзбү деп сурап калды. Ооба үй-бүлөм, балдарым бар деп айттым. Сенчи десем. Ишенесизби үйлөнгөнүмө төрт жыл болду аялымды болгону үч ирет көрдүм дейт.

Таң калып неге деп сурадым. Айылда бизде тажикстанда жашоо кыйын, үйлөнө электе эле келгем бул жакка. Иштеп бир туугандарымды багам, атам кайтыш болгон. Бир жолу айылга барсам апам үйлөп койду. Бир ай жашап аялымды апама калтырып келе бердим дейт. Телефондон сүйлөшүп турам. Балалуу болдум. Аны да телофондон көрүп, эркелетип сүйлөшөм. Жанына барып моюнума мингизип, жыттап жыттап алгым келет. Балам тили чыгып калганда бардым. Аялым байкуш ыйлайт сени сагынам мен апаңа тийдим беле ала кет деп. Бала менен кайда алып барам деп койдум.

Россияда Наташалар бар деди го дейт аялым. Орустун бир токоюнда отурсам кайдагы Наташа дедим. Андан кийин дагы эки жолу барып келдим, азыр экинчи балам төрөлүптүр дейт. Куттуктап чыгып кеттим. Иштеп жатып өзүмдүн балдарымды, аялымды эстедим. Шайыргүлүм аппагым сагындым сени. Канчалык өзүмдү жиндиге салып, чала мас болуп кыйнадым сени. Досторумдун сөзүнө кирип анча мынча кыр көрсөттүм сага. Акылдуум, мээримдүүм. Балдар уктаганда акырын жылып жаныма жетип келчү эле. Ал да аял эмеспи, кээде жанагы жигит айткандай кызганып калат, орус кыздар тийишпей элеби деп. Аялдар биз эркектер үйдөн чыкканда эле ойлойт окшойт жолунан башкалар тооруп турат деп. Ал ар бир адамдын өзүнөн го дейм. Менин көзүмө Шайыргүлүм элестеп туруп алат.