Коом
Өткөн суткада дагы 23 бейтап айыкты
Бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдиргендей, айыгып, үйлөрүнө чыккандардын көбү Нарын облусунда — 11, Ош облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда -1 жана Бишкек шаарында — 9.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 527 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.