2020-жылдын 2-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды.
Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдиргендей, алар Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 1, Жалал-Аба облусунда – 4, Баткен облусунда 2 жана Нарын облусунда – 1.
Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 769га жетти.
Стационарда – 234 бейтап дарыланууда, алардын ичинен реанимацияда – 5.