АКШ президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттары Кытай алдындагы карыздык милдеттемелерден баш тартуусу мүмкүн экендигин билдирди.

Вирус үчүн кабыл алынган жаза катары АКШ Өкмөтү КЭР алдындагы карыздык милдеттемелерден баш тартуусу мүмкүнбү? — деген суроого Трамп: «Ооба, мүмкүн. Бирок мен аны башкача жүзөгө ашыруум ыктымал. Маселен, мен Кытай алдындагы карыздык милдеттемелерди аткарбай тургандыгым тууралуу билдирүү жасап отурбастан жөн гана кытай товарларына карата  кошумча бажы алымдарын киргизем» — деди. 

Ошол эле учурда ал: — «Эгерде мындай оюн ойноло турган болсо», анда бул өңдүү саясат тараптардын эч бирине пайда алып келбестигин кошумчалалды.

Белгилей кетсек, Америка Өкмөтү эки-үч күн мурда Кытай алдындагы карыздык милдеттемелердин бир бөлүгүнөн баш тартуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жаткандыгын, ошондой эле экономикага келтирген зыяндары үчүн Кытай менен соттошууга чейин бара тургандыгын айткан.  Ал эми чыгаша үчүн талап кылынуучу сумма 6 трлн долларды түзөт.