“Ата-Мекен” партиясынын үй камагындагы лидери Өмүрбек Текебаевдин “Республика” басылмасынын кабарчысы Эрик Исраиловго берген интервьюсунан бир үзүм:

– Өмүрбек Чиркешович, азыр иштеп жаткан парламенттин сапаттык составын эң начар состав деп аташат, мен алардын деңгээлин карап туруп, булар кандай принциптер менен партияларга тандалып алынган деген ойлорго башым маң болот. Кимдин акчасы көп болсо, ким көп акча берсе ошолор гана тизмеге алынганбы?

-Жок, андай эмес.

-Анда эч даярдыгы жок, татыксыз адамдар депутаттыкка өтүп жатышканын кантип түшүндүрүүгө болот?

-Азыркы парламенттин 70% биринчи жолу парламентке шайланып, саясатка келгендер, депутаттардын 80% 50 жаштан кичүүлөр. Жаш курамы боюнча да биздин парламент жаштардын парламенти деп айтса болот. Саясый тажрыйбасы боюнча да жаңылар. Алар экономиканын да ар түрдүү тармактарынан келишкен. Биздин экономиканын сырдуу механизмин билген бизнесмендер бар. Бүгүн биздин шайлоочулар талап кылып жаткан талаптардын баары (жаңы жүздөр, жаштар, экономиканы билгендер келсин деген) иш жүзүнө ашты. Эски саясатчылдардан мен, Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу бир нече эле киши калдык. Статистика боюнча эски саясатчылардан 10% эле калды.

-Мен парламенттин курамынын сапатын айтып жатамын…

-Мен азыр ошону айтканы келе жатам, балким бул жалпы деңгээлибиз, бүгүнкү элдин орточо деңгээли. Биздин бүгүнкү элитанын деңгээли.

-Эмне, биз ушунчалык эле сабатсызбызбы?

-Мен биздин элди сындагым келбейт, балким ушул элдин эң мыктылары чогулду. Эмне үчүн партиялар ушул адамдарды тандап, тизмеге кошту? Элдер алар үчүн добуш бербейт эле деген суроо жаралышы мүмкүн.

-Албетте…

-Саясый партиялар жана алардын лидерлери шайлоо алдында болжол менен “бизге добуштар керек, көп добуш алышыбыз керек” деп ой жүгүртүшөт жана аракет кылышат. Анан алар өлкөнү бир канча округдарга бөлүшүп, балким 30 округга же 40 же 100гө бөлүшүп, анан анын ар бирине бирден конкреттүү адамдарды бекитишет. Ички келишим боюнча ким аз добуш алса көп добуш алган кишиге орун бошотуп бериш керек. Бул адилеттүү чечим. Албетте мындай мыйзам жок, бирок партиялар шайлоону ушундай уюштурушат. Антпесе алар кантип добуш жыйнамак эле? Ошондуктан партия лидерлери өз туюмуна ылайык депутаттыкка талапкерлерди тандайт. Ошол аймактан ким көп добуш алалат, ошону тандайт… Тилекке каршы элибиз кимдин акча ресурсу көп болсо ошого добуш берет. Жакшы адис, экономист, укук коргоочу, журналист тилекке каршы добуш жыйнай албайт… Тилекке каршы биздин элибиздин азыркы саясый маданияты ушундай. Мен жаман же жакшы деп баа бербейм, мен болгону фактыны айтып жатам. Саясатта деле бизнес сыяктуу – кардар же болбосо шайлоочу дайым туура. Кимди шайласа биз аны таанышыбыз керек. Бүгүн биздин элибиз ушундай.

-Өмүрбек Чиркешович, кээ бир депутаттар жөнөкөй орфографияны да билбейт, туура жазалбайт, географияны мектептин деңгээлинде билишпейт. Алар өлкөнү уят кылып жатышпайбы, чет өлкөлөргө барышканда өздөрүн маданияттуу алып жүрө алышпайт?

-Мен азыркы парламенттин орточо деңгээли мурунку чакырылыштарга караганда төмөн деген сенин, элдин пикирине макулмун. Тилекке каршы ушундай. Бирок бул демократия, эл аларга добуш берип жатышат. Мен шайлоо системасын өзгөртүү керек деп азыр да айтып келатам. Шайлоочулар партиянын ичинен өзү каалаган адамга добуш бере ала турган мүмкүндүктү түзүш керек. Ошондон кийин деле парламенттин сапаттык составы өзгөрүп кетиши күмөн. Эл мурункудай эле добуш бере беришет. Анан ким кандай жол менен болсо да көп добуш алса ал депутат болуп келе берет.