Дональд Трамп коронавирус менен жабыркаган пациенттерди дарылоо үчүн өтө зарыл болгон дары каражаты тууралуу айтты. Анын айтуусуна караганда Тамаш-аш азыктарынын жана дары-дармектердин сапатын контролдоочу башкармалык — FDA адистери ремдесивир препаратын колдонууга уруксат беришкен.

FDA башчысы Стивен Хандын билдирүүсү боюнча «Бул COVID-19 вирусун дарылоо үчүн номур биринчи каражат болуп саналат.

Ремдесивир – вируска каршы препарат, Эбола калтыратмасына каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккан менен өз учурунда өз натыйжалуулугун көрсөтө алган эмес. Бүгүн аталган дары Эл аралык окумуштуулар тобунун чечими менен коронавируска каршы колдонула турган болду жана мындай чечим бир катар сыноолордон кийин кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча бүгүн дүйнө жүзү боюнча 3 млн 343 миң 777 адам коронавирус илдетине чалдыккан. Оорулуулардын саны боюнча АКШ эң алдыңкы сапта келет жана андагы жабыркагандардын саны – 1 млн 103 миң 225 адамды түзөт.