Саламаттык сактоо министрлигинин Каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов билдиргендей, карантиндик-казармалык аймакта иштеген медкызматкерлер тобокелчилик тобуна кирет, анткени алар ооруну жуктурган бейтаптар менен түздөн-түз иштешишет.

Ага ылайык, дарыгерлерге күнүнө 2300 сом, орто медперсоналдарга 2000 сом жана кенже медкызматкер жана техникалык персоналдарга 1800 сомдон төлөнүп берилет.

“Алар түзүлгөн график боюнча эмгектенип, эгерде медкызматкер стационарда 15 күн иштеп чыкса, ал 14 күнгө изоляцияга алынат. Ошондуктан ага обсервацияда жаткан ар бир күнү үчүн 900 сомдон төлөнөт”,-деди Атакулов.