Жалал-Абад: шаар бийлиги медиктерге 1 млн. сом берди

Жалал-Абад шаарында медициналык кызматкерлерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн. сом бөлүнүп берилди.

Шаар башчысы Мураталы Тагаев билдиргендей, буга чейин демөөрчүлөрдүн көмөгү менен медиктерге 5 тонна ун берилген. “Ошондой эле “Нобел фарм” ишканасы медкызматкерлерге 100 даана көп колдонуучу кийим берген.