“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу боюнча Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Аталган ишкананын директору Василий Дашковдун айтымында, жолдун узундугу 168 чакырымды түзөт. Курулуш эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи 70 чакырымы, калган бөлүгү экинчи этапта бүтөт. Учурда бардык ньюанстар чечилди.

“Албетте, бул долбоор биз үчүн стратегиялык мааниге ээ. Өз кезегинде «Россия Темир жолдору» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Сергей Павлов Россия Темир жолдору бул долбоорго ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи”, — деди Дашков.

Белгиленгендей, Россия тарап жогорку гана бөлүгүн курууга көмөктөшөт.

Талкуу он-лайн режимде өтүп, Россия тарап жолду курууда техникалык жардам көрсөтөрү айтылды.