Урмат Барктабасов буга чейин көлдүктөргө 50 боз үй алып берем деп фейсбукка жазып, бирок алып берген эмес.

Урмат Барктабасаов учурда оозго алынып, анын кадыр-баркы интернетте жогорулап бара жатканын байкап жатам.

Урматтуу достор, мен буга чейинки анын аракеттерин белгилеп коюну туура көрдүм. Сөзүмдүн барын далилдер менен коштоп берейин.

Барктабасов Кытайда коронавирус ылаӊы катталганда “эгер Кыргызстанга бул тумоо келсе, мен “Алия” пансионатымды обсервация үчүн колдонууга берем” – деп айткан. Ылаӊ катталды, Ысык-Көлгө жеткенде элди жаткыра турган жай таппай ызы-чуу болушту. Атчан жигиттер чыгып алып митинг кылып, анын арты жаӊжалга чейин жетип барып токтоду. Вирус жуктурган адамдарды көлдүктөр кайда жаткырышын билбей жатканда эмнеге Урмат Барктабасов убадасын аткарган жок? Бул биринчиси:
Экинчиси: Урмат Барктабасов өзүнүн кыймылсыз мүлктөрүн “Өкмөт келип менин мүлктөрүмү сатып, анын акчасын колдонсун” – деп дагы кезектеги пиарын айтты. Бул кыргыз элинин кыйырына жетип, аны баатырга теӊеп мактап жатабыз. Бирок бул жөн эле пиар үчүн айтылган сөз экенин эч ким анализ дагы кылган жок. Эмне Өкмөт Барктабасовго барып, “Фейсбукка жазган экенсиӊ, мүлктөрүӊ кайсы, биз ошону саталы” – деп бармак беле? Бул биринчиден Өкмөткө уят иш, экинчиден Өкмөт антип келбей турганын Барктабасов жакшы билет.
Эгер чын эле жардам бергиси келип жатса, “менин мүлкүмдү келип сатсын” дебей, “Мына мамлекеттин энчисине өткөрүп берем” – деп айтып, басып барып тийешелүү мыйзамдар менен өткөрүп бериш керек. Мисалы, менде деле үйдө отуруп алып, “мен үйүмдү өкмөткө берем, келип сатып акчасын алып алсын” – деп жазып коем. Элдин бары мактап, азамат турбайбы деп айтышат. Бирок реалдуу аракеттер көрүлбөйт.

Барктабасов ушундай популисттик убадаларды көп берет. Өзү деле балким унута электир, 3 жыл мурда болсо керек, “мен Ысык-Көлдүктөргө 50 боз үй сатып берүүнү чечтим” – деп жазып чыккан. Жыйынтыгында 1 дагы боз үй сатып берген эмес. Ошондон кийин анын мындай жел сөздөрүнө эч ким деле ишенбей калган болчу. Арабыздан унутулуп баштаганда кайрадан чыгып алып пиар кылып жатканына жол болсун. Бул кичине эл оозуна алына баштаганда эле “революция кылам” – деп дээлигип чыга калчу эле. Анан жүгөрү аралап качып барып, арыкка жашынып жаткан кылыктарын унута элекпиз го.

Айтаарым, Урмат мырза арзан пиар кылып элдин жасалма сүйүүсүнө арзыбай, чын эле бергиӊиз келип жатса мамлекетке өткөрүп бериӊиз. Же, баягы “боз үй алып берейин дедим” – деген калп ыкмаларыӊыздын бириби?
Боз үйдүн саны канча экени так эсимде жок, бирок 50дөн кем эмес цифраны айткан. Келгиле мамлекет кыйын учурда турганда, арзан популизм менен алектенбей туралы.