Мигранттар менен, алардын түрдүү социалдык маселелерин чечүүнүн үстүндө бир катар долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан «Инсан-Лейлек» коомдук фонду өлкөдөгү акыркы кырдаалга да өз салымын кошуп жатканын белгилеп кетүү зарыл.

«Вирусту чогуу жеңебиз» деген ураандын астында Баткен облусунда чет өлкөлөрдөн мекенине келген мигранттарга, алардын жакындарына «Мигранттар профсоюзу» жана «Инсан-Лейлек» коомдук фонду тарабынан 40 үй-бүлөгө (күрүч, үн, май, түз, чай, кумшекер, картошка, таттуулар) азык-түлүктөр берилди. Бул тууралуу аталган фонддун директору Гульнара Дербишева фейсбук социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырган.

Ошондой эле «Мигранттар профсоюзу» жана » Инсан-Лейлек» коомдук фонду Москва шаарындагы жардамга муктаж мигрант 16 аялга 2000 рубль турган азык-түлүк баштыгын ал жактагы жарандык активисттер аркылуу таратып берди.