Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп, абалы оорлошконуна байланыштуу аны клиникага жиберүү өтүнүчүн жактоочусу Сергей Слесарев ЖМКларга билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык экенин кабарлады.

Атайын кызмат Атамбаевдин абалы туруктуу жана медициналык көзөмөлдө экенин билдирди.

Алмазбек Атамбаев былтыркы жылы 8-августта кармалып, ошол бойдон УКМКнын тергөө абагында. Ал Кой-Таш окуялары жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча бир нече оор беренелер менен айыпталып жатат.

Өзгөчө абалга байланыштуу соттор ишин токтоткону менен, Батукаевдин бошотулушу жана Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурумдар уланууда.