Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Дарига Назарбаеваны депутаттык укуктан ажыратуу боюнча жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу akorda.kz басылмасы жазып чыкты.
2019-жылы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин жогорку палатасы – Сенаттын төрайымы болуп экинчи ирет шайланган. Анын талапкерлигин өлкөнүн азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган.
56 жаштагы Дарига Назарбаева буга чейин Мажилистин төрагасынын орун басары жана вице-премьер болуп иштеген.