Италияда 4-майдан тарта заводдор, парктар жана курулуш жайлары иштей баштайт. Жарандарга тууган-туушкандары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилет.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. 18-майдан тартып соода жайлары, музейлер менен китепканалар, 1-июндан баштап бар-ресторандар жана сулуулук салондору ишке кирет.

Бирок, мектептер сентябрдын аягына чейин жабык болоору айтылууда. Кечээ, 1- майда Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте 1-майда сүйлөгөн сөзүндө пандемиядан улам өлкөдө түзүлгөн экономикалык кыйынчылыктар үчүн элинен кечирим сурады.

Белгилүү болгондой, Италия 9-марттан бери карантин шартында жашап жаткан. Бул өлкөдө вирус 197 минден көп адамга жугуп, 28 миңден ашуун бейтап каза болгон.