Коом

Элчи: жакын арада Орусия менен Кыргызстандын ортосунда авиа каттам уюштурулбайт

Фейсбукта жана башка социалдык тармактарда Россиядан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Россияга жрандар үчүн атайын учууларды кайсы бир уюмдар уюштуруу деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди.

“Россиянын Бишкектеги элчилиги жана элчиси эч ким менен менен жолугушкан эмес. Бул маселелер боюнча бардык сүйлөшүүлөр расмий түрдө гана жүргүзүлөт”,-деп билдирди ал.

Ошондой эле элчи жарандарды сак болууга чакырды.

Буга чейин Социалдык байланыш тармактарында Токтайым Үмөталиеванын үнүнө окшош аял Дубайдагы кыргыздары алып кете турган маселени чечкенин, эми Россиядагы мигранттарды алып кетүүгө аракет кылып жатканын айткан билдирүү тараган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button