Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы өзгөчө абал алынган соң, күч түзүмдөрү Жалал-Абад шаарынын аймагын көзөмөлгө алууну күчөттү.

Бирок буга карабастан коменданттык саатын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынын аймагынан 5 жаран кармалып, ШИИБге жеткирилди.

Ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймакта бир сутка ичинде 5 кылмыш окуялар фактысы катталган. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес. Азыркы учурда коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу багытында бир топ иштер жүргүзүлүүдө.

Кызматкерлер күнү-түнү тынымсыз кызмат өтөшүп, блок-посттордо шаар аймагына кирип-чыгуулар тыкыр текшерилип жатат. Атуулдардын көчөдө негизсиз жүрүүлөрүн болтурбоо үчүн кайгулдоо багыттары түзүлүп, дислокациянын негизинде жумуштар алып барылууда.

Жарандарга азыркы кырдаал туура багытта түшүндүрүлүп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого жана зарыл жумуштар болбосо үйдө отуруу керектиги эскертилүүдө. Ошондой эле комендатуранын алдында түзүлгөн «Бирге жеңебиз» кайрымдуулук штабы өз ишин улантып жатат.

Шаар тургундарынын азык-түлүккө болгон муктаждыктары боюнча телефон чалуулары кабыл алынып, күнүмдүк керектелүүчү азыктар муктаж болгон жарандардын үйлөрүнө жеткирилип берилүүдө.

Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы