Бир сутканын ичинде уруксат кагазын алуу үчүн Бишкек шаарынын комендатурасына 13043 арыз түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, 1687 арыз жактырылып, 10521 арызга баш тартылган.

“Эмнеге мынча көп баш тартуу болуп жатат? Анткени, көп жарандар электрондук порталга документтерин киргизгенде көп катарлар кетип жатат, көп документтери жок. Бизде уруксат кагаздарын берүү боюнча комендатуранын алкагында түзүлгөн штабда бажы кызматынын, салык кызматынын өкүлдөрү, муниципалдык администрациянын акимдеринин биринчи орун басарлары да мүчө болуп дайындалган. Алар ар бир кайрылууну карап чыгып, ал боюнча чечим кабыл алышат” – деп билдирди Азизбек Алымкулов.