Press Emblem Campaign көз карандысыз уюму журналисттердин коопсуздугу тууралуу иш алып барат. Уюмдун билдирүүсүндө пандемия мезгилинде, вируска чалдыккан жарандардан интервью алып, оорууну коомчулукка жеткирүүдө 23 өлкөдө, 55 журналист коронавирус жуктуруп каза болгон.

Алардын көпчүлүгү Эквадордо кезигип, 9 журналист каза болгон. Ал эми АКШ да 8, Бразилияда 4 жана Испания менен Улуу Британияда 3төн, Россияда 36 жаштагы Пермден келген журналист көз жумган.

Белгилүү болгондой, ар кайсы өлкөдө журналисттердин өлүмү ар кандай жагдайга туш келген. Айрымдары көрсөтүлгөн эрежелерди сактабаса, айрым өлкөлөрдө карантин киргизилген эмес, өзгөчө пандемия жаңы башталганда. Уюмдун билдирүүсүндө эң алгач Испаниялык 59 жана 79 жаштагы спортту чагылдырган журналисттер 21-мартта көз жумган.

Эске салсак, АКШда Ак үйдө президент Трамптын онлайн брифинг билдирүүсүн чагылдырган журналисттер вируска каршы тесттен өтөөрү айтылган.