2-майда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара арасы аркылуу мыйзамсыз контрабандалык жүктү алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.

Кыргызстандын 1998-жылы туулган У.А. жана 1990-жылы туулган Ю.Х. атуу жарандары Баткен облусунун Баткен районунун Таш-Тумшук жерлигинде өткөрүү жайынан сырткары жерден Тажикистандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз контрабандалык жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан.

Чек арачылар «VOLVO FH» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын текшерүү учурунда 20 тонна кургатылган жемиш (сухофрукты) табышкан. Ошол эле учурда айдоочуда жүккө тиешелүү эч кандай коштоочу документтери болгон эмес.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң, жүк жана кармалган жарандар мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Булак: Марал радиосу