Кыргызстанда күйүүчү май жакынкы күндөрү дагы 3 сом 50 тыйынга чейин түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандагы «Нефтетрейдерлер» ассоциациясынын президенти Канат Эшатов бүгүн онлайн брифингде билдирди.

Анын сөзү боюнча январь-апрель айларында бензиндин чекене баасы 2,8-3 сомго, ал эми дизелдик күйүүчү майдын баасы 4 сом 70 тыйынга арзандаган.

«Күйүүчү майдын баасы арзандабай жатат деген дооматтар туура эмес. Баалар арзандап жатат. Өлкөдө күйүүчү майга таңсыктык жок, күйүүчү майдын бардык түрү менен камсыз болгон».

Эшатовдун айтымында, Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин ичинде эң арзан баа болуп саналат. Адистер ГСМдин арзандоосун дүйнөлүк мунайдын баасы түшүп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Учурда өлкөдө бензин баасы 35-39 сомдун айланасында, ал эми аткезчилик жол менен жол жээгинде сатылган күйүүчү майдын баасы 33 сомду түзүүдө.