Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынан мүчөсү депутат Кубанычбек Жумалиев өзүнүн декларациясында ага жана анын жубайы Роза Амановага жарым-жартылай же толугу менен таандык 50гө жакын компаниясы бар экендигин жашырган. Роза Аманова — Кыргыз Эл артисти, искусство илимдеринин доктору жана этномузыколог.

Декларацияларга караганда, Жумалиевдин мындай кеңири ишкерлиги ага айына 47 миңден 84 миң сомго чейин киреше алып келиши мүмкүн. Economist.kg жана «Декларатор» долбоору ачык булактарды өзүнүн декларациялары менен салыштырып, Кыргызстанда катталган жана Салык кызматынан жана коомчулуктан жашырылган 33 компания жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле ал аялынын дагы 14 фирмасын акыркы төрт жылдагы салык отчетунда көрсөткөн эмес. Economist.kgнин материалында Роза Аманованын ар бир фирмасынын чоо-жайы тууралуу маалымат берилген.

Декларатор-2015

Ошентип, 2015-жылы парламентарий ай сайын болжол менен 47 миң сомдон жылына дээрлик 561,7 миң сом иштеп тапкан. Кыймылсыз мүлктөрүнүн арасында ал 507 чарчы метр үйүн жана 316 чарчы метрлик батирин көрсөткөн. Жеке мүлкүнүн катарында депутаттын Toyota Sequoia 2008 үлгүсүндөгү автоунаасы көрсөтүлгөн, ал эми «чыгымдар» графасы бош калтырылган.

Ошол жылы депутаттын жакын туугандары — 678,6 миң сомдон (айына 56,5 миң сом) бир аз көбүрөөк киреше тапкан. Мүлктүн ичинен алар 1,242 чарчы метр аянт үйүн жана 2007-жылы чыккан Audi Q7 үлгүсүндөгү унаага ээ болушканын маалымдашкан, ал эми «чыгымдар» графасы бош калган.

Декларатор-2016

2016-жылы Жумалиевдин маянасы — жылына 1 миллион сомго чейин (айына 84 миң сом) жогорулады. Кыймылсыз мүлктөрүнүн: үйү менен батиринин тизмеси өзгөргөн жок. Депутат унаасын алмаштырып, “секвойанын” ордуна ал 2007-жылы чыгарылган Lexus LS 460 унаасын алды.

Туугандарынын кирешелери да 2016-жылы бир жыл мурдагыга караганда бир аз көбөйгөн- 745,2 миң сом (айына 62 миң сом). Үй менен унаалары ошол бойдон калган.

Декларатор-2017

2017-жылы Жумалиев 1,5 миллион сомдон ашык киреше тапкан. Үй, батир жана унаа ошол бойдон жазылган. Анын ошол жылы көрсөткөн маалыматтарына караганда, жакын туугандары эч кандай киреше тапкан эмес, алардын үй менен унаасы жоголуп кеткен.

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылга карата аткаминерлердин декларацияларын ноябрь айында жарыялаган. Жумалиев кайрадан графикте 1,5 миллион сомдон ашык киреше тапканын көрсөткөн. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ошол бойдон калтырылып, жакын туугандарынын мүлкү жок болуп, киреше табышкан эмес.

Жубайынын бизнеси

Саясий кызматты ээлеген адамдар декларация жөнүндө мыйзамга ылайык, өзүнүн жакын туугандарынын — жубайы, ал тургай жашы жете элек балдары жана камкордугу астында турган бардык кишилердин мүлкүн жана киреше-чыгашаларын ачыкка чыгарууга милдеттүү.

Ошентип, 2004-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилерде аялына катталган 12 фирмасы боюнча Жумалиев бир дагы декларациясында көрсөткөн эмес. Роза Аманова тарабынан быйыл дагы эки компания ачылып, анын ичинде Амановага жана анын уулуна 15 коммерциялык мекеме катталган. Жалпысынан депутат Жумалиевдин үй-бүлөсүндө медициналык борборлордон баштап жогорку билим берүүчү окуу жайларына чейин ар кандай иш-аракеттерди жүргүзгөн 48 компания бар.

Фирмалар жана алардын уюштуруучулары, жетекчилери жөнүндөгү бардык маалыматтар Юстиция министрлигинин каттоонун жана кайра каттоонун датасы кызматынын жана OsOO.kg сервисинин маалымат базасына таянып, Economist.kg жазган.

Маалыматка ылайык, Аманова клиникаларга, университеттерге, жеке менчик мектептерге жана туристтик агенттиктерге ээ, бирок анын күйөөсүнүн декларациясында ал боюнча эч нерсе айтылбайт. Андан тышкары, Жумалиевдин өзү Илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынан баштап биринчи вице-премьер министрине чейинки жогорку кызматтарды ээлеп келген. Ушул жылдар аралыгында ал Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары, Президенттик аппараттын башчысы, Жалал-Абад облусунун губернатору жана Транспорт жана коммуникация министри да болгон. Ал тургай 1998-жылы бир нече ай премьер-министр болууга да жетишкен.

Белгилей кетсек, дагы бир маанилүү нерсе азыркы учурда Жумалиев парламентте Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү болуп саналат.

Депутат Жумалиевдин аялынын 14 фирмасынын тизмеси:

1. «Профессор Асымбеков Г.У. клиникасы» мекемеси

Мекеме түзүлгөн учурдагы жолдошунун расмий кызмат орду: вице-премьер-министр

  Каттоонун датасы: 2004-жылдын 13-сентябры

Иш-аракет түрү: көрсөтүлгөн эмес

Жетекчиси: Асымбекова Гульнара Уметовна

Биргелешкен ээлер: Нифадиев Владимир Иванович, Аманова Роза Асановна, Чиналиев Сергей Кожомжарович

Дареги: Бишкек шаары, Октябрь, Көк-Жар, Куйручук көчөсү, 71

2. «Generation Corporation» ЖЧК (Дженерэйшн Корпорэйшн)

Мекеме түптөлүп жаткан мезгилдеги мамлекеттик кызмат орду: жок

Каттоонун датасы: 2011-жылдын 14-январы

• Иш-аракеттердин түрү: Мейманканаларга, ресторандарга тейлөө кызматын көрсөтүү

• Жетекчи: Аманова Роза Асановна

Биргелешкен ээлер: Аманова Роза Асановна

• Дареги: БИШКЕК, ОКТЯБРЬ РАЙОНУ, ОКТЯБРЬ ДҮЙРӨСҮ Байтик Баатыр көч., 3/2, 27-үй

3. “Санат ТРК” ЖЧКсы

Түзүлүп жаткан мезгилдеги мамлекеттик кызмат орду: жок

• Каттоонун датасы: Кайра каттоо, 2014-жылдын 26-майы

• Иш-аракеттин түрү: Телекөрсөтүү

• Жетекчи: Аманова Роза Асановна

Биргелешкен ээлер: Аманова Роза Асановна

• Дареги: Дареги: БИШКЕК, ОКТЯБРЬ РАЙОНУ,  Байтик Баатыр көч., 3/2, 27-үй

Жогоруда көрсөтүлгөн тартипте жалпысынан 14 фирманын маалыматтары тизмектелген:

4. «Билим Бишкек» мектеп-комплекси» ЖЧКсы

5. «Эл аралык медициналык университети»  ЖЧКсы

6. ЖЧК  “Билим Бишкек КейДжи” мектеп-комплекси

7.  «Веллмарт»ЖЧКсы

8. «Алатоо Групп Плюс» чет элдиктердин катышуусу менен ЖЧКсы

9. «Стар отель» ЖЧКсы

10. «Вириннор» ЖЧК

11. «Эл аралык искусство жана коммуникация университети» ЖЧКсы

12. «Фиделите Констракшн» ЖЧК

13. «Эл аралык медициналык университетинин онкология жана радиология илимий-изилдөө институту» ЖЧКсы

14. «Мурас Трэвел» ЖЧКсы

Төмөндө Жумалиевдин өзүнүн фирмалары жөнүндө ар бир компаниянын каттоо датасы боюнча хронологиялык тартипте түзүлгөн тизмеси:

1. «Дастан Технологиялык университети» мекемеси

2. «Мударрис» ЖЧКсы (Mudarris)

3. «Үч Арстандар» ЖЧКсы

4.  «САНЧЭН» («SANCHEN») ЖЧКсы

5. 5 «Шеньхуа» ЖЧК

6. 6. «АЖАИ» ЖЧКсы

7. 7. «Атриум-констракшн» ЖЧКсы

8. «Бишкек компьютердик системалар жана технологиялар колледжи» мекемеси

9. «ANT Co» ЖЧКсы (ANT Co.)

10. «ЭЛЕКТРОКОМ» ЖЧКсы

11. «Илимий-зилдөө институту, тажрыйбалуу конструктордук бюросу» ЖЧК («Exciton Corporation»)

12. «Биринчи металлургиялык комбианты» ЖЧК

13. «Транзит Азия Телеком» ЖЧКсы

14. «Yontan Energy Co., Ltd» ЖЧК (Йонтан Энерджи Ко., Лтд)

15. «Манас Коал» ЖЧК

16. «Технологияларды өткөрүү борбору» мекемеси

17. «Кыргыз-Глав-Цемент» ЖЧК

18. «Биринчи Кагаз Фабрикасы» ЖЧКсы

19. «Деко Дом» ЖЧКсы

20. «Алтын Кыш» ЖЧК

21. «Сары-Таш шагыл» ЖЧКсы

22. «Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи» мекемеси

23. «Южные золотые ворота» ЖЧКсы

24. «Кыргыз тоо-транспорт колледжи» ЖЧКсы

25. «Быстрый платеж» ЖЧК («Тез Төлөм»)

26. «Тез Финанс Кредит» микрокредиттик компаниясы «ЖЧКсы

27. «Курманбек плюс» ЖЧКсы

28. “Курманбек” ЖЧКсы

29. «Академик К.М. Жумалиев атындагы “Физика-математикалык мектеп лицейи»

30. «Телекоммуникациялар, экономика жана инновациялык кесиптер колледжи» ЖЧКсы

31. Физтех» ЖЧКсы

32. «Бишкек эл аралык авиация институту» ЖЧКсы

33. «Эл аралык Инновациялык Технологиялар Университети» мекемеси», — деп жазылган маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg