Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышт бөлүмү билдирди.

Мааалыматк ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык акция Брест (Беларусь Республикасы) жана Мурманск (Россия Федерациясы) шаарларынан 5-февралда эки багыт боюнча старт алган жана ал КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.

Ар күн сайын эстафетанын символун улам бир жаңы шаарда тосуп алышууда. Эстафета символун алып жүрүүчүлөр 10 өлкөнүн эстелик жайларын кыдырып чыгышат. Жеңиш эстафетасын, бүгүн, 2-майда, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайынан кыргыз чек арачылары Казакстандын чек арачыларынан салтанаттуу түрдө кабыл алышкан.

«Бүгүн Бишкекте Жеңиш аянтындагы Өчпөс оттун жанында Жеңиш эстафетасын тосуп алуу салтанаты өттү. Эстафетанын символун кабыл алып жатып Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Жеңиш эстафетасы КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлой миңдеген чакырымдарын өтүп жатып Шериктештиктин чек ара коопсуздугун камсыздаган тышкы чек аранын сакчыларынын күч аракетин биримдиктүү кылууга өбөлгө болуп келүүдө деп белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын аймагында Жеңиш эстафетасы 2-майдан 7-майга чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

7-майда “Бордобо-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында Жеңиш эстафетасын Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын чек арачыларына өткөрүп беришет.