Россиялык журналист Владимир Познер премьер-министр Михаил Мишустиндин коронавирус жуктуруп алуусу менен байланышкан инсценировка тууралуу версия боюнча берген комментарийинде Мишустинди жакындан тааный тургандыгын жана ал чыны менен эле оору жуктуруп алгандыгына ишенерин айтты.

Ошого карабастан Познер мунун өзү пландалган акция экендигине дагы бир аз ишенерин кыйытып: «Эгерде Мишустиндин оорусу эч нерсеге кенебес россиялыктардын бул ооруга карата болгон мамилесин өзгөртүү үчүн ойлонуп табылган болсо, мен бул идеяны толук колдойм»-деп кошумчалаган.

Познердин оюу боюнча россиялыктар ооруга олуттуу мамиле жасашпай, дагы деле болсо: «Май майрамдарын кантип майрамдабай коёбуз?»-дегендер бар экендигине, ал тургай, айрым орус илимпоздору дагы деле болсо: «Оору жок, мунун бары жөн гана спектакль!»-деп жаткандыктарына таң калып отурганын жашырган жок.

Белгилей кетсек, премьер-министр Мишустин коронавирус жуктуруп алгандыгы тууралуу коомчулукка 30-апрель күнү белгилүү болгон. Азырынча өкмөт башчынын милдетин вице-премьер министр Андрей Белоусов аткарууда.