Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагындагы өкүлдөр менен онлайн конференция өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, премьер-министр экономика тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө токтомго кол койду.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү уланып жатканына карабастан, 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү өз убагында башталышы керек.

«Былтыркы токтом жакшы аткарылды. Мезгил эч кандай аша чабуусуз өттү. Аба ырайы жылуу болгондуктан авариялык өчүүлөр аз болду жана Токтогул суу сактагычындагы суунун болжолдонгон көлөмүнүн 4 пайыз үнөмдөдүк. Адистердин божомолунда быйылкы жылы суу аз болот. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү күзүндө 15 миллиард 600 миллион метр кубдан ашпайт. Бул импорттук да, жергиликтүү да көмүрдү, ошондой эле мазут жана газды камдап алышыбыз керектигин айтып турат. Бирок баа маселесин чечкенибизди айтып коеюн, электр энергиясынын наркы көтөрүлбөйт жана мурунку деңгээлинде калат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ырастагандай, калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ар бир маселе боюнча тыкыр даярдануу зарыл.

«Мисалы, электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган системиндеканча электр эсептегичи бар? Компаниялардын жетекчилери ал тургай ушул суроолорго жооп бере албайт. Биз аба ырайынын шартына жараша калк электр энергиясын канча көп колдонору боюнча так сандарды билишибиз керек. Бул бизге жоготууларды жана карыздарды эсептөөгө жардам берет. Бул жаңы гана түзүлгөн Кыргыз энергетикалык эсептөө борборунун милдети. Анын милдети — электр энергиясынын агымы жана жоготуулар жөнүндө бардык маалыматтарга ээ болуу, баланстарды түзүү жана рыноктун бардык катышуучулары үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүү. Ушул маалыматтардын бардыгын эске алуу менен энергетикалык компаниялардын ишинде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу аркылуу колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануу зарыл. Ошондо гана коррупциялык тобокелчиликтер төмөндөйт», — дейт Абылгазиев.