Бүгүн, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында жаап өткөн мөндүрдүн кесепетинен Восточный көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап, сел жүргөн.

Белгилүү болгондой, министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен Лейлек районуна министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен. Ал эми Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

https://www.youtube.com/watch?v=lZYqQdXPyHY&app=desktop#