Ирина Карамушкинанын кайрылуусунан кийинки ойлор

Ирина Карамушкинанын депутаттыкка чейинки эң чоң кызматы бир мектептин директорунун орун басары болгон. Саясый    деңгээли, укуктук билим түшүнүгү жагынан  ал орунга да татыксыздыгын, жан дүйнөсү пионер вожатыйдын деңгээлинде калгандыгын анын Атамбаевдин аркасы, улуттук квотанын жардамы менен депутат болгондон кийинки иштери, сөздөрү ырастап келет.

К.Бакиевдин убагында Кыргызстандын гимни ойнолуп жатса ордунан турбай коюп, эмне үчүн турбадыңыз десе, “СССРди жакшы көрөмүн” дегени эстен чыга элек. Ким эмнени жакшы көрсө ыктыяры өзүндө, бирок мамлекеттик атрибуттарды сыйлабаганды  Атамбаевдей улуттук нигилисттер гана депутат кылмак.

“Күкүк өз атын өзү чакырат” дегендей, Кой-Таштагы деструктивдүү сепаратисттик, трайбалисттик иштерге активдүү аралашып, барымтага алынгандарды аралап жүрсө да аларды бошотуу тууралуу эч кандай аракет жасабаган адамдын укук, мыйзамдуулук жөнүндө сайраганы- кейиштүү күлкүнү гана келтирет. Мыйзамдуулук – биринчи кезекте, укук тартибин бузгандарга шыкакчы, катализатор болуп, алардын кандуу терроризмге барабар кылмыштуу иштерине аралашып, идеолог болуп жүргөндөргө катуу чараларды көрүүнү талап кылат.

Биз Карамушкинанын мурдагы президент А.Атамбаевди үй камагына чыгарууну талап кылып, азыркы бийликтегилерди чындык, тарыхтын соту менен опузалаган видео кайрылуусун көргөндөн кийин депутат айымдын мыйзамдуулук тууралуу таптакыр түшүнүгү жок окшойт, же жакында эркинен ажыратыларына көзү жетип, өзүн бирөөнү жактагандыгы үчүн күйүп кеткен ак жүрөктөй көрсөтүүгө далалаттанып жатса керек деген ойдо калдык. Тагыраак айтканда, болжогонубуздун экөөсү биригип келип аны ушундай кадамдарга  түртүп жатат окшойт. Азыр мурдагы президент А. Атамбаевдин “адам өлтүрүү”, «кызмат адамдарын барымтага алуу”, “массалык башаламандыктарды” уюштуруу”, “ бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү”, «кан ичкич рецидивистти мыйзамсыз бошоттуруп жиберүү” сыяктуу эң оор беренелер менен айыпталып жаткандыгын, аларга Бишкек ЖЭБин модернизациялоого, тарых музейин реконструкциялоого, Чолпон-Атадагы ат майданын курууга байланышкан коррупциялык иштер кошулса, ага коюлган айыптар дагы узарарын ким болбосун билет.  “Кой-Таш республикасынын Өкмөтүнүн” мүчөлөрүнөн башка АШАны колдоюн деген ичте, сыртта эч ким жок.  Депутат айым АШАны кыргызстандыктардын 60 пайыздан ашыгы колдойт, алардын сандары күндөн күнгө көбөйүүдө деп өзү эңсегендерди гана айтууда. Тескерисинче, кыргызстандыктардын андан көбү же мыйзамдуулукту сыйлагандардын бардыгы Кой-Таштагы кандуу окуяларга, коррупциялык ири жаңжалдарга тезирээк укуктук баа берилүүсүн талап кылып жатышат.

Билишибизче, алгач Атамбаевди камоо жөнүндө эч ким деле болжогон же ойлогон эмес. Ал легитимдүү мамлекеттик органдардын чечимдерине баш ийбей,  укук коргоо органдарынын бир нече жолку чакырууларына келбей, ачыктан ачык бийликти күч менен басып алууга чакырып, акырында аны мажбурлап тергөөгө алып келүү үчүн баргандарды Драгундук снайпердик винтовка  менен аткылап, бирөөсүн өлтүрүп, беш-алтоосун жарадар кылып, өз кан сарайында “Альфачылардын” алтоосун барымтага алдыртып, алардын куралдарын тартып алып сабатып, бронжилеттерине автоматтар менен аткылатып, тепкилетип, анан соратниктерине ачыктан ачык мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу, трайбалисттик террорду уюштуруу жөнүндө чакырыктарды жасаткандан кийин камакка алынган. Коомго каршы андай олуттуу мыйзамсыз иштерди жасап, мамлекеттигибизге реалдуу коркунуч келтирген адамды эркиндиккке калтыруу – мыйзамдуулукту тебелегендик, башкалардын укуктарын сыйлабагандык болмок. АШАнын ден-соолугу үчүн   депутат айым тынчызданбаса деле болот. Ал дайыма врачтардын көзөмөлүндө тургандыгын УКМК эки күндүн биринде коомчулукка билдирип жатат. Чын-чынына келгенде СИЗОлордо, түрмөлөрдө ден-соолуктары АШАныкынан алда канча начар, социалдык дарттары өтүшүп бараткандар да аз эмес. Эмне үчүн алардын майда бейбаштык кылгандардын же мал уурдагандардын акыбалдары эске алынбастан аларга салыштырганда онго жакын эң оор беренелер менен айыпталып жаткан Атамбаев үй камагына чыгарылышы керек?

Эгерде Атамбаев  кан сарайына кайра барса, ал экинчи “Кой-таш Республикасын” түзгөнгө аракеттенгенден башка иш жасабай тургандыгын бөркүңүздөрдөй көрсөңүздөр болот. Сыягы, И.Карамушкина биринчи “Кой-Таш республикасы” үчүн жооп бере электе экинчи “Кой-таш Республикасынын” да  өкмөт мүчөсү болгусу келип жатса керек. Анын аракеттерин мындан башка рационалдуу нерсе менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес.

Abal.kg