Кытай коронавирустун келип чыгуусу боюнча далилдерди атайын жашырган же жок кылган деп жазат австралиялык DailyTelegraph гезити «Бешкөз» атайын иликтөө союзу тарабынан даярдалган 15 беттик досьеге шилтеме берүү менен.  Белгилей кетчү нерсе аталган союзга АКШ, Автралия, Жаңы Зеландия, Канада жана Улуу Британия кирет.

Документте көрсөтүлгөндөй Кытай «башка өлкөлөрдү тобокелдикке кириптер кылуу» менен коронавирус жөнүндө бардык маалыматтарды жок кылган, ал тургай оору тууралуу ооз ачкандарды коркутуп-үркүтүп, түрмөгө отурасың дегенге чейин барышкан.

Мындан сырткары, 31-декабрь күнү оору тууралуу Тайвань бийлигинин билдирүүсүнө карабастан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дагы коронавирус тууралуу маалыматты четке каккан. Мунун натыйжасында АКШ президенти Дональд Трамп кечээ жакында Кытай менен кызматташ деп күнөөлөп аталган уюмду каржылоодон баш тарткан.

Ал эми АКШ мамлекеттик катчысы Майкл Помпео аларда Кытайдын коронавирус менен байланышкан кырдаалды жашырып келгендиги тууралуу жетиштүү маалымат бар экендигин жана бул үчүн жакында Кытайга расмий кине коюларын билдирген.