Бир катар өлкөлөр коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдү акырындык менен жумшарта баштайт.

Мисалы, Италияда 4-майдан баштап ресторандар менен барлар иштеп баштап, өндүрүш жана курулуш иштери жанданат. Шаар мэрлеринин уруксаты менен шаар тургундары сейил бактарда эс алууга уруксат алышат.

Испанияда бул күндөн баштап айрым бир жеке менчик мекемелер ишин баштаса, коронавирустан айрыкча жабыркаган Бельгияда 4-майдан баштап миңдеген кардарлар менен иш алып баруучу компаниялар иштеп баштайт да, 11-майдан тартып бельгиялыктар тууган-туушкандарына барып учурашып келүүгө уруксат алышат.

Грецияда бүгүнтөн тартып жарандардын өз округдарында жүрүүсүнө уруксат берилип, китеп, электрондук жана спорт товарларын сатуучу дүкөндөр ачылып, чач тарач салондору менен автоунаа кызматын көрсөтүүчүлөр ишке киришет.