Ош облусундагы Кара-Суу районунда сел каптоо жана жер көчкү жүрүү коркунучу бар айылдардын тургундарын көчүрүү үчүн чатырлар тигилди. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Папан айыл аймагына 10 орундуу 23 чатыр бөлүнүп берилип, Кызыл-Туу айылынын Жер-Каптал участкасына тигилди.

Учурда Папан, Сарай, Нариман жана Кашкар-Кыштак айыл аймактарындагы жер көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар бөлүгүндө 31 үй-бүлө жашайт. Алардын бардыгын көчүрүү үчүн дагы кошумча чатырлар тигилет.