“Азаттык” радиосунун ардагерлери, көп жылдар бою Прагада “Азаттыкта” иштешкен журналисттер Эсенбай Нурушев менен Нарын Айыптын бүгүнкү “Азаттык” тууралу пикирлерине көңүлүңүздөрдү бурабыз:

– “Азаттыктын” биринчи иликтөөсүнө кайчы пикир айткан 5-каналды жана анын журналисттерин “Матраимовго сатылган” деп айтып киришти, эми анын кайдан чыккан сөз экенин да билебиз. Сиз ушуну кандай баалайсыз? Маданиятка жатабы?

– Илгери Салижан агай айтчы эле: “бу кыргыз журналистикасын, кыргыз гезиттерин окубай калдым” депчи, “эмнеге окубайсыз?” десем, “себеби ошолордун баарын чогултуп келгенден кийин да мен алардан акылдуу экенимди билип алдым” деп. Анын сыңарындай азыр биздин журналистикада демократия эмес, демагогия көбөйүп, ошого ооп кетти. Алар азыр жалаң “кутумдук теориясы”, конспирология менен жашап калышты (башын сөөмөйү менен көрсөтүп). Бирөөгө калыс пикириңди айтып койсоң болду “бул сатылган”, анткен-минткен деп киришет. “Азаттыктын” ашканасын сен экөөбүз жакшы билебиз да, кандай адамдар иштейт, жашырганда эмне, көрүп-билип жүрбөдүкпү, мурун идиш жууп жүргөндөр келип иштеп жатты “Азаттыкта” чоң профессионал журналист болуп. Базарда самын саткандар келип иштеди…

– Жетекчи болуп…

– Ооба, бармен болуп жүргөндөр иштеди. Биздин “Азаттыкка” жанагы пол жуугуч болуп иштеп жүргөндөр кабар берип жүрүшпөдүбү, биздин жалпы журналистиканын абалы ушундай да азыр. “Азаттык” четте калдыбы? Аларды периште деп айта албайсың, алар деле ошондой ой жүгүртүү менен жашаган балдар. Арасында жакшы балдар-кыздар бар, бирок негизинен жалпы абалыбыз ушундай. Бул “туура сөздү айтсаң, тууганга жакпайт” дегендин формуласы да. Азыр өзү коргонуш үчүн, өзүнүн айыбын мойнуна алгандан айбыгып, ошондон коргонуш үчүн кайра сага “сатылдың”, андай-мындай деген жарлыктарды жабыштырып, жугунду куя берет. Кээ бирлерине эми ушуга теңелейинби деп унчукпай, колуңду шилтеп койсоң, алар ошону жеңиш деп эсептешет…

– “Азаттыктын” 70 жылдык тарыхында ушунчалык деңгээлге түшкөнү болгон эмес экен. Эч ким “Азаттыкка” бир нерсени күмөн санап, оозуна алалчу эмес. Жаман же туура эмес кылып жатат деп. Азыркы, акыркы мезгилде мындай айыптоолор көбөйүп кетти…

– Ачыгын айтканда, мындай да, мен муну мурун да айткамын, азыр “Азаттык” мурда биз иштеп жүргөн кездеги түзүлгөн имидж менен гана келе жатат. Кийинки имиджден эч нерсе деле калган жок. Ошол насыя-имидж менен келе жатат…

– Инерция менен..

– Ооба, “эл айтпаганды биз айтабыз” деп. Эл эбак билип койгон нерсени айтып калды “Азаттык”. Биз иштеген кезде андай эмес эле да. Маалыматты эл биле электе, элге биринчи жеткирели деп аракает кылчу элек. Азыр элдин баары билип, өзгөчө көчөдөгү таксисттер билип, талкуулап, жиликтеп чыккан жаңылыктарды берип жатат…

Булак: 5-канал