Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Лейлек районундагы селден жабыркаган объекттер менен таанышып, селдин кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

2-майда Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, анын кесепетинен бир канча турак үйлөр, социалдык обьектилер, соода түйүндөрү, унаа жолдор, ички көчөлөр, короо тамаркалар, ошондой эле бак-дарактар, жаңы тигилген көчөттөр зыянга учурады. Келтирилген зыяндын чыгымы алдын-ала эсептөөлөр боюнча 69 млн сомду түзгөн.