Россиянын «Арктика-М» деп аталган биринчи метеорологиялык-космостук аппараты ушул жылдын аягында асман мейкиндигине коёо жиберилет. Бул тууралуу өндүрүүчү ишкананын башкы директору Владимир Колмыков билдирген.

В. Колмыковдун айтуусу боюнча  «Арктика-М» космостук аппараты учурда электрдик-радиотехникалык сыноолордон өтүүдө. Графикке ылайык аппаратты учуруу 2020-жылдын аягына пландалган.

«Арктика-М» аппараты орбитага чыккандан кийин Гидрометцентр атмосфера жана Жер полюсундагы кыртыштардын абалы жөнүндө ыкчам маалымат алып баштайт. Бул аба ырайы тууралуу кыска мөөнөттүү болжолдоолорду түзүү мүмкүнчүлүгүн арттырып, климаттагы глобалдуу өзгөрүү феномендерин изилдөө үчүн жаңы маалыматтарды алууга шарт түзөт.